Бишкек мэриясы кол сааттарды сатып алууга 700 миң сом сарптаганы жатат

Бишкек мэриясы 700 миң сомго 100 кол саатты сатып алганы жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол сааттар жарандарга кайсы бир жетишкендиктери үчүн же тургундардын коопсуздугуна байланыштуу жасаган иш-аракеттери үчүн майрамдарга жана мааракелерге карата тапшырылмакчы.

Айта кетсек, буга чейин 2016-жылы Мамлекеттик бажы кызматы кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди токтоткон. Тендердин токтотулушуна коомчулуктагы талкуу жана башка себептер дагы негиз болгон.

Бажы кызматы 648 миң сомго кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Сатып алынган сааттарды мекеменин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берүү пландалган. Мындан улам мырзаларга 40, айымдарга 20 даана кол саат сатып алынмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
jaz99
2018-02-08 10:29:17
Биз элдер айтып айтып калып кетип жатабыз чондор болсо оз билгенин кылып жатышат!
+1
nurbek56
2018-02-08 10:30:17
Мэрияга кайрылгам министирлерге кайрылгам депуттарга кайрылгам жада калса АШАга кайрылгам инвалидмин 1.чи группадагы уй-булом бар кичине жардам бергиле жашооумду изине салып алайын жок дегенде 200.мин жардам кылышса машина алып такси кылам деген болчум ЖООК ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ ДЕШКЕН карап турсан мындай нерселерге чыга берет.
+3
nurbek56
2018-02-08 10:34:43
ЛААНАТ болсун ушул бийликке Ош базары куйгондон коро Мэрия менен Депуттар отурган жер куйбоптур.
+1
taku1414
2018-02-08 10:40:03
Ар бир саат 7000 ден айланат экен.
+1
Eli.91
2018-02-08 10:46:00
Чындыгында бироонун айтканын угуп калдым эле?чондор элдердин проблемаларын тоготбойт,ал Эми элдер бийликтегилерди тоготбойт деп айткан экен?ошону туптуура айткан,анткени биздин чондор 1 да адамдын проблемасын чечишкен жок?же мен калп айтып жатамбы?бири-бирибизди тоготбойт экенбиз?бийликтин бизге эмне кереги бар?биринен отуп бири кыйын болуп келет бийлике же бири жыргатсачы?же бири бир мамлекетти ондосочу?эркекмин дегени Шавкат Мирзаевдей болушу керек?ошондой жакшы иштесе прездентибизди алмаштыр
+2
Eli.91
2018-02-08 10:50:05
Мак эмесбизда?презденттен суранычым мен прездентти Шавкат Мирзаевден улгу алышын суранам?анткени Шавкат Мирзаевден улгу алса ал эчкачан жаман улгу бербейт?мекенин суйууну жана кыргызым учун жаным берем деп уйронот?бироодон улгу ал дегенди жаман корушот?озундо жок нерсени бироонун барнерсеси менен толлуктасса анын эмнеси жаман?канале биздинда президент Шавкат Мирзаевдей болгондо?ошондой сыйлоого татымак?ал учун оюн кулкуну жыйыштырып коюуу керек мамлекет?
+2
Ago
2018-02-08 11:01:18
Мерди токтоосуз кубалап чыкпасак биздин налогдун эсебинен каалагандай чардай берет. Куноонун баары ххх шаар башчыда.
+1
kai42444
2018-02-08 11:08:54
Ушут саат бергич болбой эле жооон эле журобергилечи депутат туугандар
+1
madina.87
2018-02-08 11:23:52
Айланайын Албек мырза ошол кол саатты таккыча,ал акчаны Тогуз -Тородогу кичинекей куйгон кызга бергилечи.Ошол наристе айыгып кетсин.Оштогу кепкир менен келтек жеген наристеге бергилечи,ошол козун ачсын.
Силерден суранам!!!
+2
talaa11
2018-02-08 11:53:58
тойгоздуго ушу чондор мынтип отурсак кантип онугуу болот? канча Адам Уй жайы жок журот Бет деген калбаптыр бул Мээрде
0
zevs
2018-02-08 11:57:04
magada bergilechi.
0
kechirmeni
2018-02-08 12:35:44
Бажылардын акчасы толтура, эмне эле кайра кайра оозуна тыкмалап атасынар. Ошондой эле бергинер келип атса элге эмгеги синген мугалимдер, эл учун куйгон башка тармактардагы адамдар да бар ошолорго бергиле.
0
jbolotov
2018-02-08 12:54:35
Мэрия уялбайт экенда, толтура чечилбеген койгойлор турат, акча жок дешет, анан саат алышат? Ушул моральдык жактан туурабы?
0
evidens
2018-02-08 13:06:03
Аны элдерге подарить этеби же ошодон ары коздон кайым болобу? Деген суроо келет.
Ырас бир эки шаан шокот откорумуш бп беретда анан жыт пыты калбай жок болотда.ТИГИЛЕР оздору шапканы басып кийип туруп талап кетишет....
0
kechirmeni
2018-02-08 13:07:17
Эптеп эле шылтоо кылып жесе ушул Бишкектин мэриясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан