Өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы февраль айында дагы 4-6 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкөдө күйүүчү майлардын кымбатташына дүйнөлүк базардагы мунайдын баасы кымбаттап, акыркы 3 жылдагы эң жогорку чекке жетиши себеп болгон. Ошондой эле Орусияда бензиндин дүң баасы 3-5 пайызга, дизель 7 пайызга жогорулагандыгы биздеги баага өз таасирин берди.
"Кыргыз мамлекети негизинен күйүүчү майды Орусия өлкөсүнөн алат. Учурда Борбор Азиядагы өлкөлөрдө, айрыкча Өзбекстан жана Казакстанда суроо-талаптын көбөйүүсү - орусиялык мунай чыгаруучу мекемелерде анын дүң баасынын көтөрүлүп кеткендиги менен байланыштуу. Күйүүчү майга баа жаңы жылдан тарта өсө баштаган. Маселен, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бензин 0,8 сомго (2 пайыз), дизель майы 2 сомго (5 пайыз) жогорулаган", - деп билдирди Кулов.
Учурда айдоочулар эң көп колдонгон А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майы Бишкекте 40-41 сомдун тегерегинде сатылууда.