Президент жан сакчы менен жүргөн аткаминерлерди сындап, элге аралашууга чакырды

Бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков жан сакчы менен жүргөн укук коргоо органдарынын башчыларын, аткаминерлерди сындап, элге аралашууга чакырды. Өлкө башчысы мамлекеттик кызматкерлерди элдин үмүтүн актоого үндөп, элден келген арыздарды өзү карап жатканын айтты.

"Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей жатат. Жарандар акимдерге, укук коргоо органдарына, облус башчыларына арыз-муңумду угат деген акыркы үмүттө кайрылышат. Ушул жерден чындыкты табам деп келет. Ошол жарандарга мыйзамды түшүндүрсөңөр кайра кетет. Бирок баарыңар ушуга жеттиңер, өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып элге жеткиликтүү болбой калдыӊар. Каалаганды киргизип, башкаларды кабыл албайсыңар. Келген арыздарды өзүм карап жатам, ошол жерде чечилүүчү маселелер чечилбей жатат.

Өлкө башчысы мыйзам менен белгиленбеген аткаминерлер жан сакчы менен жүргөнүнө таң каларын жашырган жок.

"Мамлекеттик күзөт бизди кайтарат. Президентке, өкмөт башчыга, парламент төрагасына, Жогорку Соттун төрайымына жан сакчы берилген. Бизге мыйзам жол берген, ал эми элди коргой турган органдар эмне үчүн жан сакчы менен жүрүшү керек? Өзүңөр жан сакчы менен араң жүрсөңөр элди кантип коргойсуңар? Ачык болушуңар керек. Силер бирөөдөн коркпой, силерге каршы боло тургандар силерден коркушу керек. Таза болсоңор, ачык айкын болсоңор, силерге бирөө келип мышыгыңарды "пыш" дебейт. Бирөөңөр да айта албайсыңар, эмне үчүн жан сакчы менен жүрөсүңөр? Облустук деңгээлде укук коргоо органдары, сакчы менен жүрүп калдыңар. Эмне үчүн дегенде аралашкансыңар, ошол үчүн сакчы менен жүрөсүңөр. Ушунун баарын токтотуш керек. Кээде МАИ кызматынын инспекторун алдыңарга салып алып жүрөсүңөр. Мыйзамдуулукту өзүңөр коргошуңар керек!" - деди Жээнбеков.

Президент Жээнбеков жан сакчы менен жүргөн укук коргоочуларды сындады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
yrysbek
2018-02-08 13:06:25
Негизинен айтылган создор туура жок эле дегенде ушул айтылган создор соз бойдон калып кетпей иш жузуно ашып аткарылса бирааз жылыш болуп баштады деп ишенсе болот. Калганын убакыт айгинелейт.
+17
Arlenchik
2018-02-08 13:08:29
Абдан туура нерсени айтыптырсынар урматтуу президент, эми ушунун баарын коз жаздымда калтырбай богот койчу озунорсунор.
+18
yrysbek
2018-02-08 13:10:08
Жумушчулардын эмгек акысын ккоторуп анан коррупция менен курошсо ошондо жакшыраак болот эле, себеби бизде эмгек акынын баары СССР маалындагы баалар менен эсептелип ошол бойдон турат, а азыр баалар таптакыр башка, тескерисинче кундон кунго жогору карап осуп жатат. А эмгек акычы? жок ал ордунда турат 25 жылдан бери
+11
Kuba-savai87
2018-02-08 13:15:06
Азамат азамат
+11
pusur
2018-02-08 13:25:01
Сооронбай Жээнбеков менин президентим, Кудай ишиңизди илгери кылсын!!! ажобузду өзүбүз сыйлаганды үйрөнсөк анан жылыш болот алдыга!!!
+12
Azat.97
2018-02-08 14:00:45
pusur,Туура!++++++
+5
Adiletia
2018-02-09 09:07:03
Соке ашанын былыктарын чукусаң эркек болмоксуң. Кантип көрүп билип туруп унчукпай отурасың? Давай кылмыш ишин козго атамбаевка. атамбаеатин орду түрмөдө болуш керек
0
Kuba-savai87
2018-02-08 13:25:01
Баардык нерсе кичинеден башталат президентибиз туура айтат. Азаматсыз Сооронбай Жээнбеков.
Келгиле туугандар Кыргызстаныбызды онуктуролу, онугуну озундон башта.
+11
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-08 13:36:43
Умут пайда болду мына президент премьер министир дагы жакшы адамдар келди. Эми мындан ары жакшы болот деп умуттонобуз.
+18
murat17
2018-02-08 13:37:37
туура абдан туура жылыш бар Атабаевдин козун карабай жакшы саясат алып барыныз эгер куноосу болсо Атамбаевди да каманыз дос элден артык эмес Курманжан Датка оз баласын салып берген эл учун
+21
ilgizk
2018-02-08 13:57:37
Жөжөнү күздө санайбыз...
+3
Isco23
2018-02-08 14:36:54
Президент деген ушундай болсо ким эле жамандайт,туурабы? Иштеген адамды колдош кк молодец Соке
+7
Gulnyr19
2018-02-08 15:59:06
Окуп алып ыйлагым келди ушул бойдон ишти алып кетиңиз эми урматтуу президент. Өзбекстандын президентин караңыз кандай тартип менен иш алып барып жатат
+7
bayana1987
2018-02-08 16:26:56
Gulnyr19, биздин президент өз башы менен эле иш алып барат, эч кимди карабай эле. Дайыма эле мисал кылганга устасыңар да. Шавкат Сооронбай Шариповичтен үйрөнсүн, тескерисинче
+4
admiral
2018-02-08 17:11:06
Эл ушундай сөздөргө абдан суусап турган кези. Кана эми ушун баары чын болуп калса..
+9
gulmi
2018-02-09 01:29:26
ТЭЦтеги 386 000 000 доллардын чоо-жайын тапсынчы биринчи,жон эле кооз суйлоп койбой!!!!!!!!!!!!!!!!!
-1
nurik903
2018-02-09 21:02:40
gulmi,ачылып калат анда жон антпе
0
Mavlyuda
2018-02-14 07:38:49
Биздин президент эркек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан