Өлкөдөгү катуу суук күндөрү мектептерде окутуу токтотулгандыктан жазгы каникул кыскартылат

Бүгүн, 8-февралда Билим берүү жана илим министрлиги кышкы суукка байланыштуу мектептерде токтотулган окуу процесси кандай толуктала турганын жарыялады. Аталган мекемеден SUPER.KG порталына маалымдалгандай, окуучулардын суук күндөрдө окубай калган окуу сааттары жаз айларында толукталат.

Беш күндүк окуу жумасы менен окуткан мектептерде окуучулар 21-марттан 30-мартка чейин жазгы эс алууга чыгышат. Үзгүлтүккө учураган окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен март айында толукталат. Тактап айтканда, 5 күндүк окуу жүргүзүлгөн мектептер март айында каникулга чейин ишемби күндөрү да окуп, кышкы эс алуудагы сабактар толукталат.

Алты күндүк окуу жумасы менен окуткан мектептерде окуучулар 26-марттан 30-мартка чейин жазгы эс алууга чыгышат. Окуу сааттар 26-мартка чейин толукталат. Тактап айтканда, жазгы каникулга 5 күнгө кеч чыгат.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу окуучулар 26-январдан 3-февралга чейин эс алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2018-02-08 13:51:48
Анын торт куну дем алышка туш келбедибеле
+1
jasgul
2018-02-08 14:40:06
aza84,министрликте экообуздон да умныйлар иштесе кк, анткени эсептешти билишет да. Балдар жалпы 6-8 окуу кунундо эс алышкан. Дем алышты кошкондо 10 кун .
0
Totyua.71.
2018-02-08 14:39:49
Эсил кайран ССРДин убагында пахтасы 3 айлап журсо деле ,окуу планы деле аткарылчы эле,эми эс алган майрам кундорун да толуктатып окутуп балээ болду!Мугалимдердин укугун Ким коргойт.....!!!
+3
JaneEr
2018-02-08 16:02:47
Бийликтегилер оюндагысын оттоп ортодо мугалимдерге эле кыйын болду.Окуучулар суукта дем алышканы менен мугалимдер иштештиго.Эшектей иштетише береткенда кайран мугалимдерди арзыбаган айлыкка.Оздору приказ берип коюп креслосун кучактаап уктап отурушат .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан