Бүгүн, 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратураны майнапсыз текшерүүлөрдү көп жүргүзүп жатат деп айыптады. Өлкө башчысы башкы көзөмөл органы коррупцияга каршы күрөштө өз милдетти натыйжалуу аткара албай жатканын айтты.
"Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, мекемелик гана кызыкчылыктарды коргоо байкалууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар тарабынан бири-бирин кайталаган текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келүүдө. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн. Бирок андай болбой жатат, ал тургай прокуратура органдары өздөрү жүргүзгөн текшерүүлөр көп болуп жатат", - деди Жээнбеков.
Президент бул сөзүнө акыркы эки жылдагы Башкы прокуратуранын ишине жүргүзгөн анализин негиз кылды.
"Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөн, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган", - деди өлкө башчысы.