Орусияда полиция тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү жүрүүдө. 7-февралда Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине полиция тарабынан 44 Кыргыз жараны кармалганы боюнча маалымат түшүп, элчиликтин кызматкерлери Текстильщик районундагы ички иштер бөлүмүнө барган. Кармалгандардын жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилип, андан соң 35 жаран бошотулганын 8-февралда SUPER.KG'ге элчиликтен кабарлашты. Ал эми 9 жарандын Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы аныкталып, алардын документтери сотко жиберилген.