Ушул жылдын январь айында бишкектиктерге берилген жылуулуктун температурасы жогору болгондуктан анын баасы да кымбат болот. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Бишкек ЖЭБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ЖЭБ менен шаар тургундарынын ортосундагы келишим боюнча, ар бир айга карата берилүүчү жылуулуктун температурасы ар кандай болуп, ага жараша баасы да кымбат эсептелинет.
"Январь айында абанын температурасы төмөн болгондуктан, албетте, жылуулукту жогорку температурада бере баштайбыз. Ошондон улам чыгым көп коротулат. ЖЭБдеги авариядан улам январь айындагы төлөмдөн 5 күн кыскартылды. Бирок тургундардын 26 күнгө аз өлчөмдөгү эсепти болжолдогону туура эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.