Бүгүн, 30-январь саат 18:00гө карата батареядагы суунун температурасы 58,9 градустан 76,9 градуска чейин жогорулады. Бул тууралуу маалыматты "Электр станциялары" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саат 7:00дөн тартып суунун температурасы орто эсеп менен 10-13 градуска жогорулаган жана акырындык менен жогорулап жатат.
Ал эми шаар тургундары Бишкектин көпчүлүк аймактарында жылуулук акырындык менен жогорулап жатканын билдиришүүдө.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 30-январда "Ачык өкмөт" конференциясында сүйлөп жатып саат 16:00гө чейин Бишкекте жылуулук толугу менен калыбына келтириле турганын билдирген.