Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 1960-жылы 9-февралда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда туулган. Ал 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту аяктаган.
- 1977-1978-жылдары Сузак районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун жумушчусу;
- 1989-1993-жылдары Кардиология илим изилдөө институтунун илимий кызматкери;
- 1993-1997-жылдары Түркиянын Адана шаарында жайгашкан Чукуровск университетинин кардиология боюнча кафедрасынын профессору;
- 1994-1997-жылдары Медициналык инвестициялар боюнча кеңешчи;
- 1997-2007-жылдары Түркиядагы Sant Konukoglu атындагы кардиология департаментинин социалдык инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси;
- 2007-2014-жылдары Медициналык факультеттин координатору, америкалык кардиологдор коллегиясынын профессору;
- 2014-жылдан тарта саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп келет.
9-февралга карата жылнаама.