"Бишкекте орточо айлык 19 миң 400 сомду түзөт" дейт биринчи вице-мэр

Бишкекте орточо айлык акы 8 пайызга өсүп, учурда 19 миң 400 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында биринчи вице-мэр Ренат Макенов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкө боюнча орточо айлык акынын көлөмү болжол менен 14 миң сомго барабар. "2017-жылы эң төмөнкү тиричилик каражатынын көрсөткүчү 4,9 миң сомду түзүп, 2016-жылга карата 1,8 пайызга өскөн", - деди Макенов.

Мындан тышкары ал 2018-жылдын 1-январына карата Бишкекте 5 миңден ашуун жумушсуз жаран катталганын маалымдады. Анын айтымында, шаар боюнча жумушсуздар калктын 7,7 пайызын түзөт, республика боюнча бул көрсөткүч 7,2 пайызга тең.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-09 14:21:40
Оозу мурду кыйшайбай калп айттыго мага 12000 айлык болсо деле жетмек тилекке ото каршы 20 000 айлык жок 2000 айлык болушу мумкун
0
toolos1982
2018-02-09 14:22:28
Орточо айлык Кыргызстанда 50миң аз десеңер дагы кошуп берет☺
+3
pompowa
2018-02-09 15:28:42
каяктан оздорунчоле орточо эсеп менен алганда дей беришет 5000 6000 эле айлыктар
+2
boris8907
2018-02-09 15:41:23
Кыргызстанда жумуш орду жок жалан чондор алар 20минден жогору алышат ошондо орточо айлык 19400да
+2
Makain
2018-02-09 15:50:33
Уялбай кантип айтып жатасынар 5мин билбесен билип ал министир ака
+3
admin_superstan
2018-02-09 17:21:49
Erkinbek1978, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Platon96
2018-02-09 18:06:29
Айтылышы ушундайго куудулдар айтмакчы.тиги ону нары турсун 9400 алганы жашоосуна раазы болуп кетсе керек
+2
Gen_fanat
2018-02-09 19:23:05
Туура эле 7000$ алган адамда бар 4000 5000 сом алганда адам бар. Силер орточо айлыкты эмес эн аз алган айлык жонундо айткылачы
-1
Ferdews
2018-02-09 21:04:24
Кайдагы орточо айлык 19500?Биз билгенден 5000-8000минге чейинго, без работица 7,7%дейт, менин оюмча 99%эл жумушсуз,
+2
altyw95jan
2018-02-09 21:33:49
Вице мэр меникин жептир
+1
Nurik1988
2018-02-09 23:59:11
Менин Апам Жалал Абад шаарында мугалим болуп иштейт айлык акысы 6800сом эле
0
makskyzy
2018-02-10 13:08:02
Менда мектепте иштейм 5000зорго Алам кээде ошол 5000ге да жетпей калат кайдагыны айтышат да атамда мектепте иштейт 15жыл стажы менен 10000алат чондорду ооздорун толтуртуп суйлотуп эле койсо оозунарды толтуруп суйлоп жатып бир кун какап олосунорго
0
Zhoodarbek-myrza
2018-02-10 20:16:16
Оозу кыйшык болсо да чиновниктер сүйлөсүн. Орточо айлык акы 5000 сом.
0
admin_superstan
2018-02-12 13:00:08
thirteen, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Football.kg
2018-02-13 03:26:26
Учту, учту, вице-мэрдин беш ордогу учту))))))).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан