Мындан ары "Тез жардам" кызматына акы төлөнүшү мүмкүн

Мындан ары "Тез жардам" кызматына акы төлөнүшү мүмкүн. Мындай сунуш бүгүн, 9-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында каралды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиевдин билдиргенине таянсак, "Тез жардам" кызматына көптөгөн каражат сарпталат.

"Тез жардамды" акы төлөп чакырган кызмат кылууга убакыт келди. Албетте, калктын айрым катмарына "Тез жардам" кызматы мурдагыдай эле бекер бойдон калат. Чет жерде жөнү жок "Тез жардам" кызматын эч ким чакырбайт, анткени бул кызмат үчүн акы төлөш керек экенин баары жакшы билет", - деди Калиев.

Жетекчи бул сунушту алгач "Тез жардам" кызматына аз чакырык болгон аймактарда ишке ашыруу керек экендигин билдирди. Бул сунуш менен министр Талантбек Батыралиев макул болуп, министрликте дайыма акча тартыш экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
momun74
2018-02-09 15:32:15
УЯЛГЫЛА!!! 4 кун мурун кайненем тез жардам чакырскак келди ооруканага алып кетмей болду биз кайненемди куйоом которуп чыкты айии тез жардам деген аты эле болбосо ичи кыйч куйч деп сынып кетчудой шалактайт тим эле суууктугучу ооруканага жеткенче тонуп калдык тез жардамдын кызматкерлерине рахмат кыштын суугуна карабай калкты тейлеп атканына. Мамлекет милиондорго саат албастан алдагы бир депутат маршрутка мн жургон депутаттардан уялгыча ушунда шарты жок жакыр мамлекет куруп жатышканынан уялышпайбы
+10
momun74
2018-02-09 15:33:44
акча толоп 2саат куткучо такси мн бара калган жакшыго жылуу жумшак
+7
toolos1982
2018-02-09 22:52:13
momun74,Шаар жер болсо такси чакырса болот айылл жерде кайсыл такси?
0
momun74
2018-02-10 09:56:56
toolos1982,мисалга биздин айылда тез жардамды чакырыш учун барып май куйуп берип алып келет элек азыр деле машине мн барабызго
0
Nurmat92
2018-02-09 15:48:18
Тез жардам чакырсан эки саат кечигип келсе. Эки саат кечигип кедгени үчүн акча толосок ой жоюп эле салбайлыбы тез жардамды? Андан көрө такси чакырсан тез келет ошо тез жардамга берчү акчаны таксиге берип.
+7
Nurmat92
2018-02-09 15:51:18
Өлкөбүз артты көздөй аябай катуу өнүгүп атат 120 депутатга шапкамды баса кийип уялып рахмат айтам
+11
AlbertEinstein
2018-02-09 15:57:39
Эмитен эле акча алып атат го. Кече биз 520 сом бердик
+5
admin_superstan
2018-02-09 16:10:08
Bekzamann, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
-1
tynara81
2018-02-09 16:25:40
Чет элде акы төлөнөт дейби....Чет элди билбелим го, бирок Москвада точно төлөгөн эмесмин тез жардамга.
+4
кыргыз Алик
2018-02-09 16:49:34
Ансыз деле айлыктан ооруп калсан деп ОМСке кесип калып атпайбы,ошол акчалар каяка кетип атканын тыкыр изилдеш керек. ФОМСте иштегендерди камаш керек баарын,мурдакы минздрав айым ошол ФОМСтагы жеп ичерлердин айынан кетсе керек эле иштен,миллиондогон сомдордун изи чыкпай. Бул жон эле кошумча элдин жонун сыйырмай го. Светти, сууну жол кирени которолу деп атышат дагын,Мадумаров айткандай эл дагы деле болсо унчукпайт....
+4
Firdaus-Muslim
2018-02-09 21:19:17
Тообо эмнелер эле болуп баратышат. Чыдасаң жаша болот окшойт бул жагы.
+1
Gsuita
2018-02-09 21:30:46
Дайыма эле чакырганда келип акча алышат го. Бекер экенин мен да эми угуп таң калып жатам.
0
Almazbek81
2018-02-09 22:47:24
Азыр тез жардам чакырсаң 2 саата келет андан көрү такси чакарган эле жакшы болуп калды
0
aerforce
2018-02-09 23:15:33
заман онугуп верталет менен ташып калабы десе артка кетип эми платный кылганына эмне дейбиз? бирнерсе айткыда келбей калды
0
nurbegim_88
2018-02-10 03:38:09
ХХХХ министр камсыздандыруу фонддун жетечиси силерге сөгүш жарялансын ХХХХ
0
Nevestkaa
2018-02-10 08:09:40
Өзгөндүн тез жардамы Ошко оорулууну алып барыш үчүн 800алат ишенбесеңер сурап билгиле,дагы кошулса канча болуп кетет лучше такси мн барган он эсе жакшы эмеспи.
+1
nematovich.90
2018-02-11 04:08:22
Ассаламу алейкум. Президентке айтып койгулачы карапайым калкты кыйнабай тооба кылып иштетсин колундагы министрлерин.Жакшы соз менен айтсан жарашпайт, жетпейт депутат министрге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан