Биз социалдык тармакта

Кадамжайда милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Кадамжай районунда Ички иштер органдарынын күнүнө жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарада депутат милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомдук тартипти сактоодогу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы эмгегин белгиледи.

Ошондой эле ал милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кызматтык ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө ички иштер органдарынын бир катар алдыңкы кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан