Бүгүн Токтогул ГЭСин модернизациялоо үчүн 104 миллион долларлык келишимге кол коюлат

"Токтогул ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн бүгүн, 9-февралда Бишкекте 104 миллион долларлык келишимге кол коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева кабарлады.

Келишим "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирге "GE Hydro" (Франция) жана "GE Renewables" (Швейцария) компанияларынын ортосунда түзүлөт. Долбоордун алкагында ГЭСтин 4 агрегаты алмашмакчы.

Каржы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлөт. Долбоор ишке ашкандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мегаваттка жогорулап, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1440 мегаваттка жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mers124
2018-02-09 15:45:43
Ушинтип коюп эле буткондон кийин 30 пайызы эле жаныланып калчу эле.
+5
JaneEr
2018-02-09 16:14:31
Кайсы чон жыргайт экен эми 104 миллион доллардан чекесинен жеп жатып.
+2
kaRa-4aPan
2018-02-09 16:31:28
Кезектеги афера
+3
al-abu-kinesz
2018-02-09 16:37:17
Кубаттуулугу жогорулаганы менен элге пайдасы тиет беле?? Баягы боюнча эле калабыз. Дагы чондор жеп карызы элдин моюнуна жуктолот да.
+2
knk
2018-02-09 16:39:23
Дагы модернизация.
+3
bazar
2018-02-09 16:39:41
ТЭСке окшоп кийин чуусу чыкпасын этият болгулачы, бийликтегилер! Көчүгүңөрдү таза аарчып жүргүлөчү. Кыш чылдеде сасытпай
+3
jbolotov
2018-02-09 17:08:57
Ушул чет элден келген кредиттерди катуу текшерип козомолдогон озунчо бир коомдук орган ачылыш керек болуп калды, болбосо элди каратып туруп алдаган эл душмандары, чыккынчылар эл башкарып атат.
+1
altyw95jan
2018-02-09 21:29:28
Кыргызстандан кетким эле келип калды келечектен эч умут жок ушулар ды карап отурсан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан