Бүгүн, 12-февралда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетте республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары тууралуу талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы каржы министри Адылбек Касымалиев жасайт. Чакырылгандар вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, экономика министри Артём Новиков, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов.
Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоору тууралуу каралат.