Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Москвада учак кырсыгынан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москвада учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандыктары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алардын жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм”, - деп айтылат телеграммада.
Айта кетсек, 11-февралда Москвадан Оренбург облусуна сапар алган учак кулап түшкөн. Учактын ичиндеги 71 адамдын баары каза болгон. Алардын 65и жүргүнчүлөр, калган алтоосу экипаж мүчөлөрү болушкан.