Карантин жарыяланган аймактарга үй салып алган жарандарды коопсуз жайга көчүрүү сунушталды. Мындай сунушту КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушунда Сибирь жарасы менен өлгөн малдардын сөөгүн жашырган жайга жарандар үй салып алышкан. Бул абдан кооптуу. Кокус бул жер бир күнү ачылып кетсе ким жоопкерчилик алат. Жарандардын коопсуздугу үчүн башка жактардан жер караштырып, аларды көчүрүү керек. Өзгөчө кырдаалдар жаралган аймактардан жарандарды көчүрүп жаткандай эле, буларга да чара көрүшүбүз керек. Бир эле бул конуштагы эмес, бүт өлкөдөгү ушул сыяктуу кооптуу аймактарда жайгашып калган үйлөрдү көчүрүү керек", - деди Жээнбеков.
Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов карантин деп көрсөтүлгөн жайлар өтө кооптуу экенин айтып, тосмолор менен тосулуп турушу керектигин билдирди.