"Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар дарыгердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык", - деп бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.
"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат: "Бектур Асановдун абалы оор. Алардын ачкачылык кармап жатканына 14 күн болуп калды. Мынча убакытта ачка болгон адамдын ден соолугу кандай боло турганы баарына эле белгилүү. Ишемби күнү алардын жубайларына жолугушууга уруксат берилген. Алардын айтымында, Бектур Асановду ЖАМКнын эки кызматкери колунан жетелеп келишкен. Калгандары өздөрү эле басып келишиптир. Булардын катарына эми Дастан Сарыгулов дагы кошулду. Ал президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоп, өздөрүнө тагылган айып боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү суранууда", - дейт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.
7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановжана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.