super.kg logo

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асанов баса албай калганы айтылды

 

"Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар дарыгердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык", - деп бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат: "Бектур Асановдун абалы оор. Алардын ачкачылык кармап жатканына 14 күн болуп калды. Мынча убакытта ачка болгон адамдын ден соолугу кандай боло турганы баарына эле белгилүү. Ишемби күнү алардын жубайларына жолугушууга уруксат берилген. Алардын айтымында, Бектур Асановду ЖАМКнын эки кызматкери колунан жетелеп келишкен. Калгандары өздөрү эле басып келишиптир. Булардын катарына эми Дастан Сарыгулов дагы кошулду. Ал президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоп, өздөрүнө тагылган айып боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү суранууда", - дейт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановжана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.02.2018. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:37
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге Д. Сарыгуловго шарту берген
12.02.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+7
Булар ач калбайт калп эле ачкабыз дегени болбосо
12.02.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман катын кетем деп,жаман эркек олом деп коркутам болуптурго бул жагы
12.02.2018. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
450
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Баспай калганча курсакты ачырбай эле койсо болмок экен.
12.02.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
502
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:18
Жынысы:
Белгисиз
-5
Силерге кулку бул саясатчылар эл учун куйуп Атамбаевдин туура эмес жургузгон саясатына каршы чыгышкан.Намыстуу эржигиттер деп айтыш керек буларды Бабановго окшоп качып кетишкен жок чындык учун,ак ийилет бирок сынбайт С.Жээнбеков туура жыйынтык чыгарбаса анализ жасап отуруп кузго жетбей калышы мумкун.
12.02.2018. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эх элим жерим деген чыгаан азаматтардын баарын сыздаттыго
12.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бектур Асанов өзбектердин шайкасы болот билип алгыла 2010-жылы болгон окуяга бир көз салып койгула
12.02.2018. 22:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1070
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
0
мусулман туугандарым.эч убакта турмодогу адамдарды дабалабагыла.ал дагы бироонун бир тууганы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: