Депутат Камчыбек Жолдошбаев кандай учурда мандатынан ажыратылышы мүмкүн?

Учурда социалдык түйүндөрдө депутат Камчыбек Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу боюнча кызуу талкуулар болууда. Айрымдар Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу үчүн кол топтоп жатат. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутат кандай учурда мандатынан ажыратыла турганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Депутат соттун чечими күчүнө киргенде, өз арызын жазганда, каза болуп калганда, кырк күн себепсиз жумушка келбей койгондо, башка жумушка өткөндө мандатынан ажыратылат. Башка учурда кол топтоо жана башка аракеттер майнапсыз", - деди Шыкмаматов.

Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Eksvp_1
2018-02-12 13:23:02
Мындай депутаттарга айта турган Кыргыздын макалы > Элдин камын жебей, энеңдин ... жебейсиңби деген
+9
nargiz-sa
2018-02-12 13:30:35
Eksvp_1,кыргызда ушунчалык одоно айтылган макал барбы? Жон эле бироолор айтмакчы деп койбопсун.
+5
ermek19
2018-02-12 13:27:29
Бул XXXX жумуштан эмес мулкун мамлекетке алуу керек XXXX
+7
Alixan-Nookat.2015
2018-02-12 13:28:08
Туура эмес сүйлөп койдум деп өзүн күнөөлүү сезсе намыс болсо өз ыктыяры менен арыз жазып кетиш керек
+7
nurhan2702
2018-02-12 13:32:04
Alixan-Nookat.2015,кетпей калды гооо
+5
Dalil
2018-02-12 13:34:51
Мыйзамды өздөрү жазган соң өздөрүн оңойлук менен жумуштан кетпегендей кылып коргоп алышкан. Мээси иштебесе да акчасы болсо депутат болот.
+7
ruslanz
2018-02-12 13:55:13
Шайлаган эл кайра ала албаса, демек мыйзамды оздоруно тууралап алышкан.Журо берсин.Жеп турбаса оокат кыла албайт.
+5
Nurbol
2018-02-12 14:23:37
мага десе алты млн кол болсо да кетире албайсынар, созунорду эч ким укпайт дегениби ошондо.
+5
al-abu-kinesz
2018-02-12 14:27:20
Атын чыкпаса жер ортто дейт. Жакшы иш менен козго коруно албай озун пиарлады да.
0
-Sumitra-
2018-02-12 14:48:28
Деги эле кыйын булар.Силер эле мамлекеттин эсебинен жашай бергиле.Бетинерди беш гектар кылып.Биз карапайым калк силерге деп салыктарды толой берели.Азаматсынар!Дагы сага окшогон 120сы кошулуп жакшылап жесенер,уч жылда мамлекетти сызга олтургузуп тынасынар!Байлар,байып чиригиле!Кудайдан коркпогондор!
+4
Shef87
2018-02-12 14:58:52
Кетсин
+1
Nurbollot
2018-02-12 15:03:48
2010-жылдага конституцияда бар эле жогорку кеңештин депутатын чакыртып алса болот эле жаңы конституцияда ал беренени алып салган айла жок.
+1
oscar
2018-02-12 15:26:05
Бизде 40 күн жумушка келбей койсо кетет дейт а чет мамлекеттерде бир саатка кечиксе жумуштан айдап жиберет
+2
oscar
2018-02-12 15:27:23
Ошондо бир ай жумушка келбей койсо деле иштеп жүрө берет экен да
+2
Arlenchik
2018-02-12 19:22:50
120 баш ХХХХ озунорго ылайыктап мыйзам жазып алыпсынар да, кулкун келет 40 кун жумушка келбей койсо дегендеби, демек бир ай жумушка келбей койсо анда иштеп журо берет экенда, жаман нервке тийип атасынар, мандатынарды тапшырып баарын тарап кеткилечи, пайдасы жок ХХХХ!
0
talaa11
2018-02-12 20:10:19
кантип кол топтоп жатышат?менда каршы добуш берем кетсин наары сасыбай
+1
admin_superstan
2018-02-13 11:33:31
Mikra, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан