Депутат Камчыбек Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу боюнча интернетте кол топтолуп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу боюнча интернетте кол чогултулуп жатат.

"Сhange" сайтында Махабат Мурзалиева Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу боюнча премьер-министр Сапар Исаковдун дарегине петиция жөнөткөн.

Азыркы учурда 833 кол топтолду. Анда Махабат Мурзалиева: "Урматтуу Кыргыз жарандары, мен өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан Камчыбек Жолдошбаевдин отставкасын талап кылам. Ал маанисиз, өлкөгө пайдасы жок маселелерди көтөрөт. Мындай адамдар Жогорку Кеңеште отурса, өлкөдө эч кандай өзгөрүү болбойт", - деп жазган.

Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.

Конституциянын 73-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт. Депутат бир канча негиз менен мандатынан ажыратылат. Бирок президент же премьер-министрдин дарегине петиция жөнөтүү менен депутат мандатынан ажыратылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан