Чүй облусунун дыйкандары 50 миң тонна капустаны сатып алууга кардар жок болуп жатканын айтышты

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте азык-түлүктөрүн Орусияга "Росагромаркет" тармагы аркылуу экспорттоо маселеси талкууланып жатат.

Анда дыйкандар Чүй облусунда 50 миң тонна капуста сатылбай жатканын айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, 50 миң тонна капуста жалпысынан 9 айыл өкмөттө муздаткычтарда сакталууда. Мындан улам жыйынга катышып жаткан орусиялык "Росагромаркет" тармагынын өкүлдөрү аталган капусталарды сатууга көмөктөшүүгө чакырышты.

Аталган тармактын жетекчиси Богдан Григорьев бул маселени карап көрүүнү убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан