Парламентте өлкөдөгү 100гө жакын айылга интернет жете электиги айтылды

Өлкөдөгү 100гө жакын айылга интернет жете элек. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ал интернет жетпеген аймактарда малдарды идентификациялоо маселе жаратып жатканын айтты.

"Өлкөдө 453 айыл өкмөт бар. Ал эми 94 айылга интернет жете элек. Ошондуктан малдарды идентификациялаган учурда кызматкерлер айыл аймактарында иш-чараларды бүтүрүп, кайра район борборуна интернет байланышы бар аймактарга барып, маалымат базасына киргизүүгө аргасыз болууда", - деди Жумаканов.

Ал эми депутат Асылбек Жээнбеков малдарды идентификациялоо саясаты интернетке негизделгенин айтты.

"Учурда малдарды идентификациялоо саясаты жүрүп жатат. Бул толугу менен бардык айылдарга жеткенде ишке ашат. Ошондуктан бул маселе чечилиши керек. Болбосо бул саясат өз максатына жетпей калат", - деди Жээнбеков.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
friendwipkg
2018-02-12 14:49:25
Демек Кыргызстанда 100 айыл интернет илдетине чалдыга элек.
+1
ruslanz
2018-02-12 20:30:14
Дагы акчаны максатсыз жумшаганы жатышат,уюлдук байланыш бар жердин баарында интернет бар.Коп акчага мектепке инт.коюп кетишиптир, жон эле 1500 сомго wi-fi роутер коюп койсо эл болбойт беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан