Аксы районунда жол кырсыгынан каза болгон жана жабыркаган мугалимдердин жакындарына акча которуу башталды

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда жол кырсыгына кабылып каза болгон жана жаракат алган мугалимдердин жакындарына райондук билим берүү башкармалыгынын, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин 1 күндүк айлык акысы которулат. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Угулай Зиябекова SUPER.KG'ге бүгүн, 12-февралда билдирди.

"Биз жабыркаган мугалимдердин абалы менен саат сайын таанышып жатабыз. Борбордон министр Гүлмира Кудайбердиева дагы телефон чалып, кабарын сурап турат. Биз банк аркылуу эсеп ачтык, ага кызматкерлердин 1 күндүк айлык акысы которулат. Ал эми райондогу башка мугалимдер тилектештик катары жардамды ар кандай кылып көрсөтө берсе болот. Адегенде эле топтолгон каражат оор абалда жаткан мугалимге которулат. Кийин жалпы топтолгон сумманы төрткө бөлүп, жакындарына бөлүп беребиз", - дейт Зиябекова.

Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан. Мукадас Ажибаева аттуу мугалимдин жолдошу Азизбек Ажибаев анын оор абалда экенин айтып, операция жасатууга эч кандай жардамдар көрсөтүлбөгөнүн кабарлаган. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБи 4 мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери 2 айга камакка алынганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beks.Kasymov
2018-02-12 14:53:47
кыргызымдан айланайын
+3
konfetka.medik
2018-02-12 16:51:53
ай ай Зыябекова миң эми акча которгон м н эч кандай майнап чыкпайт
+1
Ayida
2018-02-13 10:59:53
Акчаны жыйнап анан жарымын которосунарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан