Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Түндүк Кореядан келген күйөрмандар башкалардан айырмаланып, өз командасын өзгөчө колдоодо.
Түндүк Кореянын бийлиги Кышкы Олимпиада оюндарына өзүнүн курама командасын колдоо үчүн атайын чирлидерлерди тандап, даярдаган.
Бирдей кийинген чирлидерлер өзүнүн кыймылдары жана ырлары менен бардык көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурууда. Алар Түндүк Кореянын спортчулары катышып жаткан мелдештерде ырдап, хореографиялык номерлерди аткарышууда.