Депутат Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисин жумуштан бошотуу керектигин айтты

Бүгүн, 12-февралда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов салык чогултууда натыйжа көрсөтө албаган салык кызматынын жетекчиси Октябрь Абдыкаимовду кызматтан алууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

"Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун берем", - деди Жамалдинов.

Эске салсак, буга чейин Октябрь Абдыкаимов өткөн жылы бюджетке пландалгандан 1 миллиард 622 миллион сом кем чогултулганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан