КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга 20 миң сомдон жогору айып пул салууну сунуштады.
Мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. Анда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко бул демилге кооптуу экенин айтты.
"Учурда реалдуу жашоодо баары биз ойлогондой болгон жок. Учурда жарандар кеңири өз оюн айткан жалгыз эле интернеттеги социалдык түйүндөр калды. Ошондуктан мен сиздин сунушуңузга каршымын. Бул өтө кооптуу. Бул мыйзам айрым учурда башка саясий кызыкчылыктар үчүн иштеп кетиши мүмкүн. Биз кош стандарттуулукка да күбө болуудабыз", - деди Никитенко.
Эскерте кетсек, Дастан Бекешев интернетте социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр, маалымат каражаттарындагы кадыр-баркка шек келтирген материалдар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун январь айынын башында сунуштап коомдук талкууга койгон. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратып, кызуу талкуулар, нааразычылыктар айтылган. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны кайра толуктап иштеп чыгуу максатында кайтарып алганын билдирген. Андан соң 5-январда бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан да алынган болчу.