КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга 20 миң сомдон жогору айып салууну сунуштады.
Мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. Анда депутат Тазабек Икрамов интернеттеги пикирлер үчүн айып пулдун көлөмүн 50 миң сомдон жогору кылууну сунуштады.
"Мен бул сунушту колдойм. Туура маалымат жазса жаза берсин. Эгер жалган маалымат жазган болсо 20 миң сом эмес, 50 миң сомдон жогору болушу керек. Мыйзамды үстүнөн иштеп жатканда бул учурду эске алсаңыз", - деп сунуштады Икрамов.
Эскерте кетсек, Дастан Бекешев интернетте социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр, маалымат каражаттарындагы кадыр-баркка шек келтирген материалдар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун январь айынын башында сунуштап коомдук талкууга койгон. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратып, кызуу талкуулар, нааразычылыктар айтылган. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны кайра толуктап иштеп чыгуу максатында кайтарып алганын билдирген. Андан соң 5-январда бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан да алынган болчу.