Нарын районунун акими болуп Семетей Черикбаев дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 12-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Семетей Черикбаев 1979-жылы 4-августта Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. Ал 2006-жылы Кыргыз улуттук университетинин курулуш, транспорт жана архитектура бөлүмүн аяктаган. 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алган.
2002-2003-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комиссиясынын алдындагы имараттарды эксплуатациялоо дирекциясында жумушчу;
2003-2004-жылдары аталган дирекцияда айдоочу;
2004-жылы аталган дирекциянын коменданты;
2004-2005-жылдары дирекциянын администратору;
2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик административдик имараттарды кармоо жана пайдалануу боюнча борбору мамлекеттик ишканасынын директору;
2009-2009-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун кеңешчиси;
2009-2010-жылдары республикалык телерадио борборунда директордун орун басары;
2010-2012-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
2013-жылдан бери Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп келген.