Ош облусундагы Кара-Суу районунда тамакка уулангандардын саны он үчкө жетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен жетөө балдар болсо, калганы аялдар.
"Учурда баары палатага которулуп, абалдары орто", - деди Айгерчинова.
Белгилей кетсек, 12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 5 улуу адам жана 2 бала өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Алар дарыгерлерге бешик тойдо базардан сатылып алынган мантыны жеп, өрүк ширесин ичишкенин айтышкан. Ууланган аялдардын төртөө бири-бирине абысын болушкан.