Премьер-министр Сапар Исаков 13-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун коллегиялык кеңешмесине катышты. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Исаков кеңешмеде Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү экендигин айтты.
"Биринчиден - таза суу, анткени ичүүчү суу жарандардын жашоосунда чоң мааниге ээ. Экинчиси - ирригация боюнча кадам, анткени бул аймакты жана агроөнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн ал да манилүү. "Таза коом" кадамы чоң мааниге ээ. Биз бул үч кадам алкагында жарандарыбыздын бакубаттуулугу үчүн иш алып баруубуз керек. Анткени алар Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү", - деди Исаков.
Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы облустун 2017-жылдагы өнүгүүсү, 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берип жатып 202 айылдын 30у гана интернет менен камсыздалганын, 42 айылда мобилдик байланыш жоктугун билдирди. Анын айтымында, калган 172 айылды интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 миллион сом керектелет.