Тамекинин калдыгын унаанын терезесинен таштагандарга жазаны күчөткөн мыйзам сунушталууда

Кыргыз жергесинде таштандыларды ар жерге таштап жүргөндөргө жазаны күчөткөн мыйзам коомдук талкууга коюлду. Анын автору Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору шаарлардын жана башка калктуу конуштардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, адамдардын жашоосу жана саламаттыгы үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

"Жалпы пайдалануудагы жерлер, сейил бактар, гүлбактар, көчөлөр семичкенин, тамекинин калдыктары, баштыктар жана башка майда таштандылар менен булганган, көптөгөн көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолору турмуш-тиричилик таштандыларга толгон.

Мында коомчулук тарабынан буларга карата шайкеш реакция жок, бийликтин тиешелүү жергиликтүү органдары болуп жаткан көйгөйлөр менен тиешелүү деңгээлде күрөшө албай жатышат. Бүгүнкү күндө биздин коомдун жалпы маданияты төмөндөөдө, көпчүлүк жарандар үчүн таштандыларды көрүнгөн жерлерге таштоо нормалдуу көрүнүш болуп саналат.

Андан дагы ар түрдүү таштандылар менен булгоо биздин өлкөнүн туристтик жагымдуулугуна терс таасир этүүдө", - дейт Мавлянова.

Буга байланыштуу турмуш-тиричилик таштандыларды таштоо, күйгүзүү үчүн төмөнкүдөй көлөмдө айып пул салуу сунушталууда:

  • Жарандарга 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин;
  • Кызмат адамдарына 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин.

Өндүрүштүк таштандыларды таштоо, күйгүзүү үчүн:

  • Жарандарга 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин;
  • Кызмат адамдарына 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин.

Унаадан таштандыларды жана башка буюмдарды жолго калтыруу, таштоо үчүн 2 миң сом айып салууга алып келет.

Кагаздар, ороочтор, фантиктер, бөтөлкөлөр, баштыктар, тамекинин калдыктары менен көчөлөрдү, сейил бактарды, гүлбактарды, көп батирлүү үйлөрдүн короолорун жана башка коомдук жерлерди булгоо үчүн 2 миң сом айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
123sher345
2018-02-14 10:05:34
жакшы экен... эми ошол мыйзам иштеп берсе....?
0
abdrakhmanovich
2018-02-14 10:24:26
Эң туура болмок.. Албетте кагаз түрүндө калбай иштесе!
-1
baxxa
2018-02-14 10:43:40
Биринчиден деген нерсе бар
0
oroskulov1988
2018-02-14 10:48:19
Депутатар өзүлөрүнүн айлыгына карап эле закон чыгара беришеби карапайымдын айлыгы 8000 мин болсо
+1
Uli6886
2018-02-14 11:34:54
Тико, Матиз минип такси кылган байкелерге эле чыгарылып жаткан мыйзам болот. А так Лексус айдап баратып, депутат тамеки ыргытса ага штраф сала албаса кк.
+1
alikgz
2018-02-14 15:02:24
рассияда бул мыйзам кече жакында киргизилди, демек ал мыйзам кучундо калып иштейт, анткени ар бир кочодо ар бир коп кабатуу уйлордо видео байкоо орнотулган,штраф интернет аркылуу барат,
бизде кантип иштейт ошол мага табышмак болуп турат,
0
bond
2018-02-14 16:41:51
alikgz,РФ те иштебей эле жатпайбы менин тааныштарымы стройкага келип элуудой адамды алып барып кочодо сигарет чектик деп кол коюп штраф толосонор бошсунар болбосо кечке отурасынар дептир кимдин акчасы болсо толоп кетип калыптыр акчасы жоктор отуруптур. Иштебеген законунарды койгула озунор биринчи улгу болгула андан коро.
0
Zanzibara
2018-02-14 20:02:55
Кучотуш керек жана ишке ашырыш керек. Машинами менее Кочодо бара жатып же токтоп турганда айнегин ачып же эшигин ачып шалп этип тукургондорго да штраф салу керек. Азыркы кээ бир жаштар тегерек туруп алып ортолоруна балжыратып тукуруп коюп тура беришет бири да жийикенип коюшпайт ййолки. Кээ бир келесоолор шалп этип тукуруп туруп аны кайра буту менен суртуп коюшат. Ошого окшогон элди тартипке келтириш керек жазаны кучотуп.
0
muslim87
2018-02-14 21:55:56
Мен кош колдоп колдойм ушул мыйзамды туура шаарды булгагандарга айып пул салыш керек ушинтип тазаланбасак шаарыбыз кайдыгерликтин айынан таштандыга толду
0
jaskaaa
2018-02-15 11:29:04
Түкүргөндөрдөн ушунча жийиркенем. Жанында адам не деп ойлойт деп ойлонбойт. Мыйзам таза иштесе экен иштеседа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан