Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев соттор боюнча мыйзамдын аткарылышы боюнча парламентте маалымат угууну демилге кылды. Эл өкүлү Коопсуздук кеңешиндеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо жана сот органдары коррупциялашып кеткенине карата айтылган сындарын негиз келтирди.
"Соттор мамлекеттүүлүккө шек келтирип жатат. Мыйзамдардын аткарылбагандыгы бул көз карандысыздыктын азайганына байланыштуу. Кээ бир соттор ойлоп жатса керек, "биз 5-6 оппозиционерди отургуздук, 4-5 журналистке олчойтуп айып салдык" деп. Жок, соттор мамлекеттүүлүктүн түпкү тамырына доо кетирип жатат. Эмне үчүн жаштар экстремисттик диний топторго өтүп кетип жатат? Эмне үчүн алар кээ бир криминалдык төбөлдөрдүн сүрөтүн үйүнө илип жатат? Себеби алар мамлекетке ишенбей жатат. Мамлекеттин ишеничи соттордун адилеттүүлүгүнө байланыштуу.
Акыркы 2 жылдагы соттордун чечимдеринин баары саясий, укуктук эмес мыйзам бузганын президент кашкайта айтты. Сотту эки эле орган түзөт. Президент жана Жогорку Кеңеш. Өлкө башчысы өз сөзүн айтты, эми биз айтпасак чыккынчылыкка тете. Себеби биздин көз алдыбызда мамлекеттүүлүк азайып, анын тамырына доо кетип жатат. Ошондуктан жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Сот жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча өз ойлорубузду айтышыбыз керек", - деди Иманалиев.