Президенттик аппарат: "Сооронбай Жээнбековдун "Салим байбача" менен эч кандай байланышы жок"

"Президент Сооронбай Жээнбековдун "Салим байбача" менен эч кандай байланышы жок", - деп бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.

Стамалиева видеодо "Салимбай Абдувалиев Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген сөз кандай максат менен айтылганы боюнча билбей турганын белгиледи.

Эске салсак, интернетке таанымал өзбекстандык ишкер, коомдук ишмер “Салим байбача” лакап аты менен таанымал адам тартылган видео тарап, кызуу талкууга алынууда. Видеодо Жогорку Кеӊештин 3 жолку депутаты Нургазы Айдаров менен Ош облусунда таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиевди ортого алып, ага ыраазычылык билдирип жатышкан учур тартылган. Айдаров олигарх Абдувалиевди "Кыргыздын тиреги" деп атап "Салимбай ака тирүү кезинде, биз, кыргыздар тирүүбүз" дегенин угууга болот. Жалил Атамбаев да Абдувалиев менен сыймыктанарын, Абдувалиев президент Сооронбай Жээнбековду колдой турганын айтып, ыраазычылык билдирген.

Нургазы Айдаров жана Жалил Атамбаев менен Салимбайдын жолугушуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jibew
2018-02-14 10:38:29
Чалчандаган ХХХХ!!!!!!!
0
Aznazalai
2018-02-14 10:39:25
Эй кыргыздар озунор боло албайсынар?Болгонду коро албайсынар деген ушул да!
-2
Qwer007
2018-02-14 11:08:15
Озу агасын сыйлабаган, озго адамды сагалайт деген ушу! Кыргыздын кадырын кетирип, элдин намысына тийген адамдар эл башкарган учун Кыргыздын абийри кетип жатат
+4
Bazake
2018-02-14 11:10:59
Президенттин атын саткан саткындар. Булар жалпы Кыргызстанды да сатып жибергенден кайра тартпайт. Айланасынарбы Жээнбековдун атын атап!
+7
Cleo-13
2018-02-14 11:51:14
Соо элеби булар? Салла кийгизсе эле ошончобу
0
Jelezo
2018-02-14 13:21:24
Ит эле турбайсыңарбы,улутун,Президентин ар намысына шек келтиришти Сегизбаев каяктасын же Атамбаевдин ар намысын эле коргойсуңбу
+2
Jyky0506
2018-02-14 14:56:24
Видео жок болгондо жата калып бутун опмок экен,Кыргызстанга келбейле бай акенер менен журо бергиле.
+1
ussr7
2018-02-14 19:10:37
Эмнеге КТР корсотпойт ушул видеону?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан