Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко Аида Саляновага чечим чыгарган сот Ирина Воронцова Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөтүлүп жатканын айтты. Депутат өлкөдөгү сот системиндеги маселени ортого салды.
"Акыркы убакта мен сот процесстери кандай жүрүп жатканына күбө болдум. Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун сотунда адам укуктары, мыйзамдар кандай бузулуп жатканын көрдүм. Ал эми мыйзам бузган укук коргоо органдары, соттор жоопкерчилик тартпай эле кызматынан көтөрүлүп жатат. Саляновага чечим чыгарган сот Воронцова Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөтүлүп, Жогорку Кеңешке талапкер катары сунушталып жатат. Бул биздин сот системиндеги соттук реформанын жүзү. Ал Саляновага акыркы сөзүн айтууга да мүмкүнчүлүк берген жок. Ачкачылык кармап жаткан саясатчыларга да акыркы сөз берилген жок. Бул иш дыкат иликтөөнү талап кылат. Коопсуздук кеңешинде президент соттордун маселесин жөн козгогон жок", - деди Никитенко.
Ал эми төраганын орун басары Мирлан Бакиров сотторго карата элдин ишеними 60 пайызга жоголгонун айтып, маселени кароо зарылдыгын белгиледи.
"Коопсуздук кеңешинде сот маселеси бекеринен көтөрүлгөн жок деп ойлойм. Азыр сурамжылоолор боюнча калктын 60 пайызы сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат. Демек, ал жерде маселе бар. Эми биз, парламент соттордун чечимдерине кийлигише албайбыз, бирок алардын иш аракетинде мыйзам бузуулар болуп жатса, аны угуп коюу ашыкчалык кылбайт. Бүгүн, эртең эмес, март айында Жогорку Кеңештин жыйынында карасак деп сунуш берет элем", - деди Бакиров.