Сапар Исаков Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Кечээ, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. "Анын жолдошу Акыл Зулпуев чабан болчу. Ал 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген. Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Isco23
2018-02-14 10:16:08
Молодец еее элге аралашсан сени эчким кубалабайт
+8
Soni130587
2018-02-14 10:26:38
Сапар Жумакадырович ар аймактарга иш сапарыныз менен барганда ушундай уйбулолорго барып турсаныз жакшы болот эле себеби сиз барбасаныз башкасы барбайт.
+5
momun74
2018-02-14 10:30:53
Аллах ыраазы болсун!
+5
gul3ina
2018-02-14 10:50:05
Кудайым колдосун сизди
+3
adii
2018-02-14 10:54:30
Биздин башчыларда Мирзиёевден улгу алып жатат.
+2
tnt_ostrof
2018-02-14 11:51:24
Конул жылытаар иш болуптур. Соопчулуганар кабыл болсун!
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-02-14 14:16:18
Жакшы иш кабар алган, ошол кимге тапшырма бердиңиз ошолор сиздин койгон тапшырманызды аткарса анда сөз жок бир кулагынан кирип бир кулагынан чыгып кетсе анда билбейм.
0
ayka91
2018-02-14 14:46:30
уйго киргенде бут кийиминерди чечип койсонор, воопще молодец болмоксунар
+3
Nuura
2018-02-15 13:09:18
Ayka91 Эн туура айтасыз !Катар араб олкосуно боз уй тургузулганда да боз уйго арабтарды бут кийиминерди чечип киргиле деп айтып киргизгенбиз.Негизи европада уйдун ичине киргенде бут кийимдерин чечип киришпейт биз кыргызбызго бут кийимдерибизди чечип уйго киргенди унутпайлы.Сапар Исаков ишинизге ийгилик мындан да чон жакшы жумуштарды аткарып журо бериниз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан