Министрлик: "Быйыл өлкө аймагында 65 миң окуучу мектепти бүтүрөт"

Быйыл жалпы республикалык тестке каттоо 15-февралда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, тестке каттоо башка жылдардан айырмаланып быйыл узак убакытка, тактап айтканда, 5-апрелге чейин уланат.

"Азыркы тапта окуучуларды каттоо ишине жооптуу адамдар министрлик тарабынан бекитилген. Тестке даярдануу үчүн атайын материалдар сайтта жайгаштырылган, бул материалдар кыргыз жана орус тилдеринде. Ошондой эле сайттан онлайн тесттен өтүүгө мүмкүн. Бул жылы башка жылдардай эле жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн абитуриенттерге 6 предметтик тест сунуш кылынат. Тест 2018-жылдан 14-майынан 20-майына чейин өтөт. Быйыл 65 миң окуучу мектепти бүтөт", - дейт Марат Үсөналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nestana95
2018-02-14 11:09:55
Эн жакшы..бирок билимге катуу басым жасашса...мисалы мен окуган мектепте кагаз эле жаздыра берет мугалимдерге....биринчи сапта кагаз анан билим...кагазы толук болбосо бутту ызы чуу
+1
aiba.8327
2018-02-14 11:12:10
Жармынан кобуу Орусияга жоногону жатса керек заочнный тапшырып койуп....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан