Момбеков Бишкектеги кафелердин аталышын "Алыкулдун ашканасы", "Токтогулдун тойканасы" деп атоону сунуштады

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы кафелердин аталышын "Алыкулдун ашканасы", "Токтогулдун тойканасы", "Сайкал апанын салону", "Чачыкейдин чайканасы" деп атоону сунуштады.

"Мыйзам боюнча жарнаманын аталышы мамлекеттик тилде чоң тамга менен, расмий тилде кичине тамга менен жазылышы керек. СССР учурунда аталыштарга жакшы маани берилген экен. “Ала-Тоо” аянты, “Манас” аэропорту, "Жалал-Абад" кафеси деген аталыштар бар эле. Эгемендүүлүктөн кийин мен эне тилге кам көргөн эки эле Кыргызды көрдүм. Бири "Шайлообайдын беш бармагы", экинчиси "Жаңыбайдын самсаканасы". Азыр кафелерди карагылачы “Омар не Хаям”, “Обама”, “Амстердам” деп жазылып турат. Токтогул көчөсүндө жалгыз “Рахат” деген дүкөн бар. Москва көчөсүндө бир эле “Берекет” дегени бар", - деди Момбеков.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдиргендей, өткөн жылы туура эмес аталыштар үчүн кафе, ресторан, дүкөн ээлерине 500 миң сом айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
RusMos76
2018-02-14 11:40:27
Эркебектин эшеги
+1
tnt_ostrof
2018-02-14 11:40:45
Балтабайдын банкы
+5
Medinaa
2018-02-14 11:45:25
))))))
+3
sharan
2018-02-14 11:56:55
атамбайдын ашканасы
+6
Aidar.001
2018-02-14 11:59:12
Оштун майда мантысы
+1
Kasym_1
2018-02-14 12:05:11
Рыскелдинин шишкебеги :)
+1
tursunbaev78
2018-02-14 12:10:57
Бишкектеги кафелерди тытып салган окшойт
0
nerrazuri
2018-02-14 12:15:01
Супер инфо!!! Дүкөнү-"Берекет"-Магазин, Кафеси-"Форель"-кафе, Чач-тарачы-"Сулуу"-парикмахерская ушундай жарнактарды суротко алып макала кылып чыгаргылачы элдин баары корсун тушунсун. Бул эмне деген тоок мээчилик. Жэ кыргыз тушунбойт жэ орус тушунбойт.
+2
abdrakhmanovich
2018-02-14 12:23:55
nerrazuri,Туура айтасыз. Мен былтыр "Элдик кабарга" эки жолу ошондой жарыяларды тартып жибердим бирок чыгарышкан эмес..
+1
grace
2018-02-14 12:16:00
Тобо, кыларга иши жок калгандай оюна келгенин сүйлөшөт...
-1
Isco23
2018-02-14 13:45:30
Свргактын саунасы же сайранын саунасы хихихихиххи
+2
jbolotov
2018-02-14 13:49:32
Туура эле маселе бирок Момбеков Жогорку Кенеш чечетурган мамлекеттик маселелерди айтбайтда, майда чуйдо менен алек. Нарын Ж абад жолуна 700 миллион доллар кредит берилиптир? Алтындай кымбат жолдун кереги бар беле? 386 млн дрлларды табуу боюнча прокуратурадан катуу отчет албайсынарбы.
+1
barakcha
2018-02-14 14:30:29
Туура айтасынар.Эне тилибизди кордосок онбойбуз!Эми жон эле соз боюнча калбай иш жузундо аткарылсын!
+2
admin_superstan
2018-02-14 15:34:11
pusur, Kojo1995, этика нормаларын сактаңыздар.
0
muslim87
2018-02-14 21:40:14
Атамбайдын акүйү деп албагыла
+1
Azatbek83
2018-02-14 21:52:21
Момбековдун чайканасы Ашанын самсаканасы Сегизбаевдин мантыканасы Индиранын чач тарачканасы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан