Жумуш күнү экенине карабастан бүгүн, 14-февралда өлкөдө баш кошкон түгөйлөр көп. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарында 14, ал эми Ош шаарында 17 түгөй никесин мыйзамдуу түрдө каттап баш кошуп жатышат.
"Баш кошкон адамдардын саны башка күндөргө салыштырмалуу көп. Мыйзамдуу түрдө никеге туруу үчүн бир ай мурун арыз жазыш керек. 14-февралда өткөн айда 13-14-январда баш кошуу тууралуу арыз берген түгөйлөрдүн никеси катталып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 14-февралда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө "Ыйык Валентин күнү", башкача айтканда, Сүйүү күнү белгиленет. Кыргыз өлкөсүндө бул майрам расмий майрамдалбаса дагы, жаштардын арасында кеңири тараган майрам.