"Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшөбүз деп айтып жатканда ошол жерде 80-90 пайыз коррупцияга малынгандар отурду”, - дейт коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-февралда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн органдарга карата туура сын койгон.
“Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн органдардын өздөрү коррупцияга малынып калган деп туура айтты. Биз ыңкылаптарда койгон талаптардын негизгилерди мына ушул коррупцияны жок кылуу болчу. Бирок бул аракеттер ишке ашпай келген. Бизде коррупция бир-эки эле баштуу эмес, миң баштуу ажыдаарга айланып кеткен. Мен да бул сөздөрүнө кошулам. Жээнбеков коррупция менен күрөшөбүз деп жатканда ошол жерде 80-90 пайыз коррупцияга малынгандар отурду”, - дейт Топчубек Тургуналиев.