13-февраль күнү Бишкек шаарынын тургуну "102" кызматына телефон чалып, үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканын айткан. Дарек боюнча барган мобилдик батальон урушкандарды тынчтандырып коюп кетип бара жаткан учурда көчөдөн колуна карчыга (алгыр куштардын бир түрү) кондуруп бара жаткан жаранды байкашкан. Ага кызыккан милиция кызматкерлери үйүн тинтүүгө алышкан.
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов төмөнкүлөргө токтолду.
"Мобилдик батальондун кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүнүн биринен колуна карчыга кондуруп алган адамды жолуктурушкан. Кайда, эмнеге алып бара жатканын сурашканда үйүндө кармай турганын айткан. Текшерүү учурунда ал жаран үйүндө кирпи, жылан, куштардын бир нече түрүн багып жүргөнү белгилүү болгон. Алар ошол эле күнү экотехинспекциянын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт Оморов.