“Ачкачылык кармап жаткандардын талаптары аткарылбаса, тамчылатма дары алуудан баш тартышат” дейт Зульфия Марат

“Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын талаптары аткарылбаса, тамчылатма дары алуудан баш тарта тургандарын айтышты”, - деп бүгүн, 14-февралда Ак Үйдүн алдында өтүп жаткан митингде Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.

Зульфия Мараттын айтымында, үч саясатчы эртең, 15-февралда тамчылатма дары алуудан баш тартканга даяр. Бектур Асанов 3 жолу эс-учун жоготту. Жолугушууга аны эки ЖАМКнын кызматкери колунан жетелеп келди. Эгерде өкмөт же президент алардын талабын аткарбаса, тамчылатма дары алуудан баш тартышат. Биздин комитет аларды мындай кадамга барбоого чакырат”, - деди Зульфия Марат.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан