“Коррупцияга каршы күрөшөм деген Сооронбай Жээнбековду колдогон кыймыл түзөбүз”, - дейт коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-февралда маалымат жыйынында билдирди.
“Учурда 176 мамлекеттин ичинде Кыргыз өлкөсү 136 орунда, биз коррупцияга моюнубузга чейин эле эмес, чачыбызга чейин малынганбыз. Сооронбай Жээнбеков бул күрөштү баштайм деп турат. Ага бут тосуп ар кандай аракеттерди жасагандар болот. Анын күрөшүн шылдыңдап карап, күлүп тургандар да болот. Биз да жөн карап отурбай, бул коррупцияга каршы күрөштө жалпы чоң кыймыл түзөлү деп чечтик. Буга төртүнчү бийлик катары эсептелинген массалык маалымат каражаттары активдүү катышуусу керек. Биз ондогон массалык маалымат каражаттардын жетекчилери менен сүйлөштүк. Алар бизди колдоп жатат”, - дейт Топчубек Тургуналиев.