Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрөлгөн балдардын бардыгына жеке идентификациялык номер (ПИН) бере турган, ал болбосо башка документин ала албастыгы, каза болгондугу тууралуу билдирүүнү 3 күндүн ичинде жасоо боюнча мыйзам долбоору каралды. Мындан тышкары мыйзам долбоорунда жарандардын никеге туруусу арыз берилген күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт деген ченем кирген.
Талкуу учурунда 216 миң жаранга ушул күнгө чейин ПИН-код берилбегени, алардын көбү мектеп окуучулары экени айтылды.
Депутат Наталья Никитенко расмий каттоого турбаган жубайлардын саны абдан көп экенин айтты. "Каттоого турбаган жарандык никеде жашагандар көп. Айрымдардын расмий каттоосу жок, бирок экинчи, үчүнчү жубайлары бар. Ушундай маселе бар. Ал эми Юстиция министрлиги никеге каттоого туруунун убактысын кыскартуу боюнча гана техникалык сунуш киргизип жатат", - деди Никитенко.