Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 5 миллион доллар насыяга курулган май чыгаруучу завод аткезчилик менен келген товарлардын кесепетинен токтоп калганын айтты. Эл өкүлү чек араларга катуу көзөмөл жүргүзүлбөсө жергиликтүү өндүрүшчүлөр жабыркап жатканын белгиледи.
"Сузакта май чыгарган завод Айыл банктан 5 миллион долларга жакын насыя алды. Май чыгарып баштаганда эле башка жактан келген май менен атаандаш боло албай токтоп калды. Ошондуктан суранат элем, чек араларды карагыла. Чек арага онлайн видеобайкоо коюу керек.
Таластагы чек арага бир бала жөнөттүм эле. Ал санап келди, бир күндө 78 оор жүк ташуучу унаа кирет экен. Анын канчасы катталганын кийин дагы тактап сурадым. Бир документ менен 10 унаа кирет экен. Жүк кайдан келип, кимдерге сатылып жатат, салыгы төлөнүп жатабы? Ошол жагын караш керек. Өзбекстандан товарлар келип жатат. Аймактарда биздин өндүрүшчүлөргө баа менен кысым жасалып жатат. Анткени товарлар салыгы жок жолдор менен кирип жатат", - деди Төрөбаев.