Клара Сооронкулова: "Сотторду тандап алууда моралдык баалуулуктарына көңүл бурулбай жатат"

"Сотторду тандап алууда моралдык баалуулуктарына көңүл бурулбай жатат", - дейт мурдагы Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-февралда "Сот системасын тазалоо үчүн" аттуу форумдун жүрүшүндө билдирди.

"Сотторду тандап алууда такыр моралдык баалуулуктарына көңүл бурулбай жатат. Сотторго моралдык жактан бекем көңүл бурулбай калды. Эч кандай моралдык принциптери жок, бардык режимде саясий буюртмаларды аткарып келген соттор да бар. Алар бул тармакта өзүнүн ишин өтө булганыч аракеттер менен аткарып, улам жогорку кызмат орунга барышканга да даяр. Бул тармакта учурда бир гана адам реформа жасай алат ал адамды баарыбыз билебиз", - дейт Клара Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurgaz
2018-02-14 15:08:54
Реформа кыла турган адам ким? Баарыбыз билебиз деп койбой атын айтта.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан