Жумгалдын айрым тургундары "Кыргызкөмүрдүн" жетекчилигине татыктуу адамды дайындоону суранды

Жумгал районунун жергиликтүү кеңешинин кошмо жыйынынын төрагасы Калыбек Ажыгулов “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчилигине татыктуу адамды дайындоону суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-февралда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 8 жыл аралыгында 6 жетекчи алмашкан. "Учурда аталган ишкананын жетекчилигине тажрыйбасы мол адистер дайындалбай калды. Партиялардын квотасы менен дайындалып жатат. Мындан улам кадрлардын туруктуулугу сакталбай жатат. Бул кызматка “Кыргызстан” саясий партиясы Жолдошбек Жунушевдин талапкерлигин көрсөтүп жатыптыр. Ал бул тармактын адиси эмес. Жумгалдын эли жана ишкананын жамааты анын талапкерлигине каршы. Башка татыктуу адамдар бар. Жетекчи биринчи кезекте ошол тармактын адиси болуш керек. Мурда бул кызматта Талантбек Бокошев аркалап келген, андан эч кандай пайда болгон жок. Мамлекеттик кызматтарга тажрыйбасы мол адистер келишине эч кандай саясий себептер тоскоол болбош керек", - деди Ажыгулов.

Маалымат жыйындын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекеменин жетекчилигине Канатбек Ашырбаевдин талапкерлиги татыктуу экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2018-02-14 20:03:52
Мотуке кайда, чакыргыла
+1
idin
2018-02-14 21:03:28
futboler,ошондой инсандар учун ишканалар талкаланат
+1
jaazira13
2018-02-14 21:06:36
негизи коомчулук конул буруп турган туура, анан агроном-сагрономдорду коюушуп эле саясат оюндарын жазашат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан