Казакстандын Ак-Төбө облусунда унаасы бузулуп суукта калган 7 Кыргыз жараны куткарылды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалгандай, 12-февралдан 13-февралга караган түнү Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучуларына Бишкек-Самара багыты боюнча бараткан кичи автобус бузулуп, жүргүнчүлөр суукта ара жолдо калганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
13-февралда түнкү саат 3:20 чамаларында аталган кызмат тарабынан суукта үшүп калган жарандар куткарылып, Ак-Төбө облусуна жеткирилген. Алар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жылууланып, тамактанышкан. Кичи автобуста жалпысынан 8 жүргүнчү болгон. Алардын бири Өзбекстандын жараны, калган жетөө Кыргыз жарандары.
Акмоло райондук акимчилигинин Тышкы иштер министрлигине берген маалыматы боюнча, куткарылган жарандарга тийиштүү жардамдар берилип, унаасы оңдолгон соң сапарын улап Орусиянын аймагына жөнөп кетишкен. Жабыр тарткандар жок.