Бүгүн, 14-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Кыргыз-Казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчы Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынан ишкерлер тоскоолдуксуз өтүшү керектигин айтты.
"Биздин өлкөгө келген туристтерди дароо көзөмөл-өткөрүү жайлары тосуп алат жана алгачкы таасирди меймандар дал ушул өткөрүү жайларынан алышат. Мындан мамлекеттин имиджи көз каранды. Ошондой эле продукциясын башка өлкөлөргө экспорттогон биздин ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек. Туризм жана экспортту колдоо менен биз жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономиканы өнүктүрөбүз, бюджетке түшкөн каражат көбөйөт", - деп белгиледи Жээнбеков.
Ал чек арачыларды чек арадан өтүп жаткандарга карата меймандос мамиле жасоого чакырды. "Кыргыз мамлекети жана Казакстан куштун эки канатындай бир тууган эл. "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайы эки мамлекеттин эң башкы дарбазасы. Ушул жерден эки өлкөнүн эшиги ачылат, карым-катышы, эки элдин достугу башталат. Байыртадан дал ушул жерден Улуу Жибек жолунун кербендери өткөн", - деп кошумчалады.
Чек арачылардын президентке берген маалыматына ылайык, "Чалдыбар" өткөрүү жайынан суткасына 5 миңден 7 миңге чейин киши өтсө болот. Реконструкцияга чейин миңден ашпаган адам өтчү. Транспорт каражаттарынан суткасына 250дөн 350гө чейин унаалар өтүүдө. Анын ичинен 70ке жакыны оор жүк ташуучу унаалар. Ал эми өткөрүү жайынан бир адамды текшерүүгө орто эсеп менен 40 секунд кетсе, жүк ташуучу унааларга 10 мүнөткө чейин убакыт сарпталат.
Президент Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу унаалардын 10 мүнөткө чейин текшерилгенине көңүл буруп, бул убакытты кыскартып, өтүп жаткан унаалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.