"Салим байбачанын" Кыргыз жергесине келүүдөгү максаты белгилүү болду

Интернетке Жогорку Кеңештин депутаттары “Салим байбачага” чапан жапты деп тараган сүрөт“Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиевдин Кыргыз жергесине келүүдөгү максаты белгилүү болду. "Ал Бишкектеги өтө турчу күрөш боюнча Азия чемпиондугуна Өзбекстандын Күрөш федерациясынын президенти катары келет", - деди "Аю" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталына.

Анын айтымында, Азия биринчилиги ушул жылдын 27-февралында башталат.

"Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Кыргыз күрөш федерациясынын президенти. Күрөш боюнча Азия чемпиондугу быйыл Кыргыз жеринде өткөндүктөн, биз башка өлкөлөрдөн келген спортчуларды тосуп алабыз.

Башка өлкөлөрдүн күрөш федерацияларынын баарын ошол өлкөлөрдүн атынан келди деп кабыл алабыз жана Кыргыз өлкөсүнүн атынан ал жакка барабыз. Алар менен улут аралык достукту бекемдөө үчүн белек-бечкек беребиз, достошобуз, күрөштү өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашабыз", - деди ал.

Ал эми буга чейин интернетке тарап, коомчулук кызуу талкуулап жаткан видеого федерациянын тиешеси жок экенин жана анын келишинен кайсы бир себептерди издөө туура эмес экендигин белгиледи.

"Сүрөт боюнча айта турган болсом, 2014-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугу Ташкентте болгон, биздин федерация команда менен Ташкентке барганбыз. Салим Абдувалиев үйүнө конокко чакырган, биз чапан-калпагыбызды урмат-сый катары ага кийгизгенбиз. Андан кийин Шаршенбек Абдыкеримов кошулуп сүрөткө түшүшкөн", - деп билдирди.

Айта кетсек, интернетке Кыргыз жериндеги көрүнүктүү адамдардын “Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиев менен тартылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жаткан. Бул видеого улай эле интернетке Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тарады. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болору жазылган. Бул сүрөт да интернетте талкуу жаратып, баарын коомчулук "кошоматчы" катары сыпаттап жатты.

Мындай сындардан кийин Балбак Түлөбаев Салим Абдувалиевдин Кыргыз жергесине келе тургандыгын билдирип, "Биз эч кимди тосуп албай, тамак берип сыйлабай эле коёлубу?" - деген какшык сөзүн жазган эле.

“Салим байбача” Кыргыз жергесине эмне максатта келет?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tilek121277
2018-02-15 07:28:32
актангыла эми мойнунар үзүлгүчө кошоматчылар калптын дагы чеги болот да бала бакчанын балдарындай алдайсынар суйлөгөн сөзүңөргө чычалап качанкы сүрөт деп
+16
gulmi
2018-02-15 09:09:58
Калп эле Олимпийский комитет.Акчанын кулдары.
+1
suban78
2018-02-15 09:16:30
Атанын кулагы заман а. Качан эле кыргыздар кошоматчы эле. Кокон хандыгын кыргыздар "рулили" керек болсо. Кыргыздардын макулдугусуз коп суроолор чечилбеген.
+3
Gulnur1980
2018-02-15 10:29:27
Салим бойвочча!!!
-5
kyrgyz.kg83
2018-02-15 11:36:38
2014-жылы Сооронбай Жээнбеков деген адамды эч ким жакшы таныбайт эле.видеодо биздин президент сооронбай шарипович деп еле айтып жатышатко
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан