Ажылыкка бара турган жарандар үчүн билеттин быйылкы баасы чечилди

Кыргыз мамлекетинен ажылык сапарга бара турган жарандарды быйыл дагы "Flaynas" авиакомпаниясы ташыйт. Муфтияттан кабарлашкандай, жарандарды ташуу үчүн өткөрүлгөн сынакка Сауд Арабия падышачылыгынын жарандык "Flaynas" авиакомпаниясы гана катышкандыктан, сынактын жыйынтыгында жеңүүчү катары тандалып алынды.

Ал эми билеттин баасы ар бир кишиге 1550 доллардан деп чечилди. 2017-жылы да ажыга баргандарды ушул авиакомпания ташып, билет баасы 1550 доллар болгон.

Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн Сауд Арабия тарабынан 5 миң 400 адамга квота бөлүнгөн. Учурда каттоо иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
evra_kg
2018-02-15 08:43:04
Кымбатко аябай
0
tttalant
2018-02-15 09:27:24
Бизгеда насип кылсын ажысапарга иншаллах....
+7
kuba.kq8705
2018-02-15 11:30:39
арзан экен 1 ай журушот ал жакта
0
Kojosh80
2018-02-15 12:28:26
kuba.kq8705,бул бир эле самолеттун баасы калганына башка толонот
0
Defans2017
2018-02-15 13:26:21
Ажыга алып баруу дагы кирешелуу бизнес окшойт муфтиятка, менин досум Дубайга Бир жумага уй булоосу менен барып келди,и то Москвадан,48000 рубль толоду ,перелет туда сюда, проживаниясы баары ичинде,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан